Ишеним кат менен автоунааны сатууга байланышкан маселелер

VB.KG редакциясынын "Элдик жаңылыктар" рубрикасына өз убагында башкы ишеним кат аркылуу сатылган автоунааларга тиешелүү маселелер боюнча көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Жарандардын чыдамы кетип, мындан ары эмне кылууну билбей калышты. Бийлик тараптан да алигиче эч кандай жооп жок.

Төмөндө айрым кайрылууларды мисал келтиребиз:

"Акыркы убактарда бир нече жыл мурда башка адамдарга ишеним кат аркылуу же документтерин тактабай өз автоунааларын сатып жиберип, сатып алган адамдарды таппай жаткан жарандарга негизи жок эле административдик штраф салынгандыгы боюнча көп кайрылуулар болууда.

Албетте, бийликтегилердин бул маселени жакшы талдап чыкпагандыгы көрүнүп турат. Автоунааларды кайрадан каттатып чыгуу үчүн бир жыл убакыт берип, ал мөөнөт аяктагандан кийин гана каттатылбаган автоунааларды кайрадан каттоодон өткөрмөйүнчө штрафтык токтотмого алып барып токтотууга уруксат берүү керек эле. Бийлик адатынча бул көйгөйдү чечүүнү жарандардын өздөрүнө калтырып койду.

Бирок мындай абалдан чыгуунун да жолу бар.

Бул үчүн төмөндөгүдөй нормаларды киргизүү керек. Админштраф боюнча билдирүү алгандан кийин автоунаанын мурдагы кожоюну аны сатып жибергендиги тууралуу МАИ органына кайрылып арыз жазат. Мына ошондон кийин админштраф төлөтүү бул жаран үчүн токтотулат.

Бул маалымат атайын электрондук базага киргизилип, ал эми МАИ кызматкерлери кийинки текшерүү убагында ушул автоунааны токтотуп, жаңы кожоюн мурдагы штрафты төлөмөйүнчө жана жаңыдан кайра өз ысымына каттатмайынча штрафтык токтотмого алып кетишет. Мына ошентип көйгөйлөрдүн баардыгы чечилет!"

Бул элдик жаңылыкты Урмат жиберген

Ал эми бул кайрылууну Жарнаков И. М. жиберген

"Урматтуу Президент,

Мен азыр чет өлкөдө жүрөм, шаарга күзүндө кайтам. Бирок, "бакыт каттары" менин Бишкектеги дарегим боюнча келип жатыптыр. Мен ар кайсы жылдары ишеним кат аркылуу 5 автоунааны саткам. Андан бери бир нече жылдар өткөндүктөн, мен ал машиналардын номерлерин гана эмес, кимдерге сатканымды да унутуп калдым. Кыргызстанда аларды эч ким издеп таба албайт жана штрафты эч ким төлөбөйт.

Менин оюмча мага окшогондор өтө эле көп. Эмне үчүн алгач ушундай көйгөйлөрдү чечип алып, андан кийин гана штраф салганга болбосун. Эми мен шаарга баргандан кийин, автоунаамды саткан ар бир жаран жана штрафтын үстөк төлөмү боюнча чатакташуу башталат деп чочулап отурам.

Мамлекет өз жарандарын коргоп, чатактын чыгышына бөгөт койуусу керек деп ойлойм.

Урматтоо менен,

Жарнаков И.М.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД