Кыргызстандагы россиялык аскер базасынын статусу өзгөрөт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибине экинчи аскер базасын ачуу маселеси киргизилген жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, учурда Россия жана Кыргызстан ортосунда 2012-жылы 20-сентябрда аскердик байланыш чөйрөсүндө россиялык аскер базасынын статусун өзгөртүүгө тиешелүү протокол дайындалып жатат.

-Сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды, анын жыйынтыгы кийинчерээк маалым болот. Документке Владмир Путиндин иш сапарынын алкагында кол коюлат, -деди Данияр Сыдыков.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүсү күтүлүүдө. Иш сапардын максаты – кыргыз-россиялык мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык кызматташууну бекемдөө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД