Москвада кыргызстандык жаран сегиз кабаттуу үйдөн кулап каза болду

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну Москвада каза болду. Анын денеси кече жакында, 25-мартта кичи мекенине жөнтүлдү. Бул жөнүндө жаштар жана спорт боюнча "Кыргыз биримдиги" аймактар аралык коомдук коомунун жетекчиси Улан Кошматов соцтармактагы баракчасына кабарлады.

Коомдук ишмердин маалыматы боюнча, каза болгон адам 25 жашта болгон. Акыркы убактарда ал Москва шаарында жумушта иштеп жүргөн. 23-март күнү 8 кабаттуу үйдөн кулап, каза болгон. Окуянын кандай жүргөнү азырынча белгисиз.

Россиядагы мкекендештер жаш адамдын денесин Жалал-Абад облусундагы кичи мекенине жөнөтүүгө жардам беришти.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен VB.KG редакциясына окуянын жүрүшү жөнүндө иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД