Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылышы мүмкүн

27-мартта Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун биринчи форумунда В.Ломоносов атындагы ММУнун ректору Виктор Садовничий биргелешкен филиалды түзүү маселесин көтөрдү.

Анын айтканына караганда, Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачууга бир нече жолу аракет көрүлгөн, 6 жолу уруксат берип, Бишкекке сүйлөшүүлөргө баруу үчүн 1 жолу билет да алган. Бирок бул аракети ишке ашпай калганын жана күнөө россиялык университетте эместигин белгилеп өттү.

-Кесиптештер, талкуулагыла. Биз баардык жардамдарды берүүгө даярбыз. Мен бул маселе боюнча жетинчи жолу макулдугумду берип жатам, - деди В.Садовничий.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда билим жана илим тармагында тыгыз байланыш түзүлгөн. 15 миңден ашык кыргызстандык студенттер россиялык ЖОЖдордо окуса, бир жарым миңден ашуун россиялыктар Кыргызстанда жогорку билим алышууда. Бул сандарды мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков форумда сүйлөгөн кезинде айтып өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД