Путин кызматтык "Аурус" лимузинин Бишкекке ала келди

"Аурус" Бишкекке жетти. Путиндин жаңы лимузини биринчи жолу постсоветтик республикада", - деп россиялык журналист Дмитирий Смирнов социалдык түйүндөгү баракчасына жазып, "Аурустун" фотосүрөтүн телеграм-каналга жарыялады.

Маалымат үчүн:

Aurus Senat – өлкө жетекчилерине арналган россиялык автомобиль. Азыр ал "НАМИ" ФГУП ишканасы тарабынан Москвада (Россия) жасалып чыгарылат. Автоунаанын эки түрү бар – седан формасындагы "Aurus Senat S600" жана лимузин Aurus Senat Limousine L700".

Учурда Aurus Senat лимузини Россиянын президентинин жана премьер-министринин негизги кызматтык автоунаасы болуп эсептелет. Автомоделдин аталышы Москва Кремлиндеги Сенат мунарасына ылайыкташтырылган.

Aurus Senat автомобилинин жасалышы 2012-жылдан бери Россиянын президентинин иш сапары учурунда түшүп жүрүүсү үчүн "Кортеж" долбоорунун алкагында "НАМИ" ФГУП тарабынан жүргүзүлүп келген. Биринчи жолу лимузин жана седан Aurus Senat 2018-жылы 7-майда Россия президентинин инаугурация салтанты өткөрүлүп жаткан кезде коомчулук алдына чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД