Путин: Кыргызстандагы туруктуулук маанилүү

Бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин чакан чөйрөдө сүйлөшүүнү өткөрүштү.

Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун ишмердигин баалап, ал өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга жетишкенин белгиледи.

"Биз эки тараптуу кызматташуу үстүндө ийгиликтүү иштеп келдик жана аны уланта бермекчибиз. Эми жакында Кыргызстан дагы бир ири эл аралык уюмду кабыл алат – бул Шанхай Кызматташтык Уюму. Бул иш чара да жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем.

Сиздин аракетиңиздин артынан азыр Кыргызстан социалдык-экономикалык маселелерге көңүл бөлүү мүмкүнчүлүгүн алып отургандыгын белгилеп кетким келет", - деди Путин.

Чакан чөйрөдө жолугушуу аяктагандан кийин эки тараптын кеңейтилген курамында сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД