Ош шаарында Борбордук Азиядагы эң чоң хирургиялык оорукана ачылды

Бүгүн Ош шаарында Борбордук Азиядагы эң чоң хирургиялык оорукана ачылды. Бул оорукана кытайлык грант боюнча 25 млн 800 миң долларга курулган.

Оорукана 150 орунга эсептелген, ар күнү 200 оорулууну кабыл алат. Хирургия, травмотология, нейротравмотология, неврология, кардиология жана реанимация боюнча адистештирилген бөлүмдөрү бар.

Кытай тарап оорукананын курулушуна гана акча каражатын бөлүп бербестен, кытайлык өндүрүштө жасалып чыгарылган заманбап медициналык аспаптар менен жабдылган. Ал эми жергиликтүү дарыгерлер менен медициналык техниктер Көк тиреген өлкөдө окушуп жана техника менен иштөөнү үйрөнүп келишкен.

Оорукананын салтанаттуу ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД