Жээнбеков Оштогу биринчи телекоммуникациялык форумга катышууда

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" телекоммуникациялык форуму ишин баштады. Мындай форматтагы форум өлкөдө биринчи ирээт өтүүдө. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков форумга карата даярдалган уюлдук байланыш операторлору уюштурган мобилдүү кызмат көрсөтүүлөр тууралуу көргөзмө менен таанышты. Форумдун ачылышында мамлекет башчы санариптештирүү президенттик иштин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берерин белгиледи.

Бул иш чарага мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес коомчулугунун, электр байланыш операторлорунун, коомдук бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү – баардыгы болуп 500 ашык адам катышууда.

Форумдун катышуучулары анын алкагында мамлекеттик программалардын аткарылышынын жүрүшү, келечекте байланыш тармагынын өнүгүшү, чет жерлик жана ата мекендик телекоммуникациялык рыноктун аналитикалык иши жана өлкөбүздүн аймактарындагы электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасы менен таанышып чыгышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД