КСДП саясий кеңешинин мүчөлөрү Текебаевди колдоо митингине барышат

КСДП саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов менен Мирбек Айтикеев 23-апрелде Бикектин эски аянтында боло турган "Ата Мекен" партиясынын Өмүрбек Текебаевди жана Садыр Жапаровду колдоо митингине катышууга ниеттенишүүдө. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына жарандык активист Адил Турдукулов өзү билдирди.

Анын айткан сөздөрү боюнча, бул КСДП партиясынын чечими эмес.

-Мен ал жерде партиянын атынан эмес, жаран катары катышам. Бул менин жеке чечимим, мен муну саясий иш деп эсептейм. Биз тезинен саясий туткун катары өз ишенимдери үчүн камалган Өмүрбек Текебаевге, Садыр Жапаровго жана Дүйшөнкул Чотоновго эркиндик берилишин талап кылабыз, - деген оюу менен бөлүштү Турдукулов.

Белгилүү болгондой, КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын жана башка КСДП мүчөлөрүнүн айткан сөздөрү боюнча, жогоруда айтылгандардан айырмаланып, боло турган иш чарага катышуу пландары жок.

-Силер билгендей, Адил Турдукулов жарандык активист катары мурда дагы Өмүрбек Текебаевди колдоп келген. Бул анын жарандык көз карашы, - деди ал VB.KG редакциясына.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов VB.KG редакциясына мурда билдиргендей, партия 23-апрелде Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду жана Дүйшөнкул Чотоновду колдоп, Бишкектин эски аянтында митинг өткөрүү боюнча уруксат алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД