Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тартыштыгы жаралууда

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кагазы түгөнүп калды. Бул жөнүндөгү маалыматы VB.KG редакциясына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан ырасташты.

-Бланктарды басып чыгаруучу "Госзнак" ЖЧК ишканасы тапшырыкты кечеңдетип жатат 2-3 күндүн ичинде күбөлүктү берүү кайра жолго коюлат", - деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.

Эске салсак, "Госзнак" ЖЧК туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн басып чыгаруу укугун 2017-жылы алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД