Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын №3 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери видеокөзөмөлдүн жардамы менен автоунаалардын дөңгөлөгүн уурдоого шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 2019-жылы 29-майда Октябрь РИИБге С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 27-майда түн ичинде саат 01:00 чамасында Бишкектин 6-кичи районундагы короолордун биринде токтоп турган "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаасынын 4 дөңгөлөгүн уурдап качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 30 миң сомду түзгөн. Аталган факт КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле 2019-жылы 25-майда Октябрь РИИБге Б.М. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 24-майдан 25-майга караган түнү "Субару Легаси" үлгүсүндөгү унаасынын алдыңкы эки дөңгөлөгүн уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 14 миң сомду түзгөн. Аталган факт КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында "Коопсуз кичи район" долбоорундагы видеокөзөмөлдүн жардамы менен кылмышка шектүүлөр бара жаткан "Субару Легаси" үлгүсүндөгү унаа аныкталган. Кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Н.К., 1999-жылы туулган А.Б. жана 1995-жылы туулган А.Б. кармалган. Алардын жанынан далил катары ар түрдүү аспап куралдары табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектелип кармалгандар уурдалган унаа дөңгөлөктөрүн кайда алып барып сатышкандарын көрсөтүшкөн. Азыркы убакта кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын Бишкектин аймагындаушуга окшогон кылмыштарда катыштыгы бар мүмкүндүгүн аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД