Бишкекте Жеңиш күнүнө карата кандай даярдык көрүлүп жатат?

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамынын 74-жылдыгына карата борборубузда бир катар майрамдык иш чаралар пландаштырылган. Бул жөнүндө шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаарыбыздын Ленин районунда 9-майда саат 07.30да Жаш гвардия жана Чүй проспектисинин кесилишиндеги курман болгон баатырлардын эстелиги орнотулган Сейил багында эскерүү болуп, эстеликке гүл коюлат.

Биринчи май районунун акимиаты согуш ардагерлеринин үйлөрүнө барып урмат көрсөтүшөт.

9-майда Жеңиш күнүн Бишкектеги "Жеңиш" аянтында майрамдоо төрт бөлүккө бөлүнгөн. Саат 10.00дө "Өлбөс полктун" жүрүшү башталат. Жүрүшкө даярданып чогулуу орду Масалиев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде белгиленген. Жүрүш саат ондо башталып, Абдрахманов көчөсү, андан кийин Фрунзе көчөсү аркылуу "Жеңиш" аянтына бет алат. Жүрүштүн катышуучуларынын аянтка келиши саат 12.00дө аяктамакчы.

Экинчи бөлүк "Жеңиш" аянтында саат 10.00дө митинг-эскерүү менен башталып, Түбөлүк отко гүлдөр коюлат.

Саат 11.00дө Шопоков көчөсүндөгү аянтчада музыкалык коллективдердин, борборубуздун музыкалык мектептердин окуучуларынын согуш жылдарындагы ырларын аткарган концерти берилет. Ошондой эле КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы менен бирге, талаа ашканасынын аскердик боткосу майрамдын 2 миңге жакын катышуучуларына тартуу кылынат.

Кечки саат 19.00дөн 22.00гө чейин борборубуздун "Жеңиш" аянтында шаардын тургундары жана меймандары үчүн россиялык "Голубые береты" тобунун, чыгармачыл коллективдердин жана мекенибиздин эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланат. Ал эми саат 22.00дө майрам 6 мүнөөтүк фейерверк менен аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД