Бишкектин көлдөрү сазга айланууда

Өз убагында биздин борборубузда шаардыктар үчүн жакшынакай эс алуучу жайлары болоор эле, бирок, тилекке каршы алардын көпчүлүгү ээн калып, бүлүнүүгө учуроодо. Мунун себеби эмнеде? Эмне үчүн шаардын бийлиги бул эс алуу жайларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзбөй жатат? Мисалы, эл ичинде айтылып жүрүүчү "Сорока" көлү же расмий атасак " 40 лет Октября" паркындагы көл кайда азыр.

Эмне үчүн Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көл сазга айланууда? Убагында бул көлдө эл сууга сүзүп жана балык алышчу эмес беле. Бүгүн ал сууда балык деле бар, бирок, аны тамак катары колдонууга болбойт. Бул жердеги балыктарды жада калса үй жаныбарлары да жебейт. Эмне үчүн бийлик бизнес менен гана алектенип калды? Алар жергиликтүү эл бул көл жөнүндө кандай сагынуу менен, эске түшүрүп тураарын билишээр бекен?

Жалпылап айтканда, дайыма эле болуп келгендей, бийлик өзү менен, ал эми эл өзүнчө алек болуп калууда.

Элдик жаңылыкты Болотбек жазып жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД