5 ай ичинде Кыргызстандын экономикасы 5,6% өстү

Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 5,6% түздү. Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан берилди.

Аналитиктердин маалыматы боюнча Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү өсүп, ИДПнын көлөмү 2019-жылдын январь айынан майга чейин 184 миллиард сомго жеткен. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6% жогору.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-майында ички дүң продуктунун көлөмү 161 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5% өскөн.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 104 млрд сомду түзүп, металлдын, көмүрдүн, чийки нефтинин, жаратылыш газынын жана текстиль өндүрүшүнүн эсебинен 17% өскөн.

Айыл чарбасында да жакшы ийгиликтер жаралып, анын өсүү көлөмү 1,7%, курулушта – 5%, дүң жана чекене соодада – өсүш 4,4% түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД