Ташиев: Аида Салянова татыктуу жазасын алууга тийиш

"Ата-Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн көздөй кадры Аида Салянованы жактап, анын камалышын саясий куугунтукка байлап, мыйзам бузулганын жар салууда. Өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий окуяларга көзү ачыктык кылып, оңду-солду маек берүү менен кескин ылдый түшүп кеткен рейтингин көтөрүүгө аракет жасап жатканы менен, анын жомокторуна эч ким деле ишенбей калды.

Текебаев "Салянованы камаганда мыйзам бузулду" дейт. Ага көрсө, экс-башпрокурор катары сылык- сыпаа мамиле кылуу керек имиш. Кыргыз элин тебелеп-тепсеп кеткен кримтөбөлду чыгарып ийген кылмышы үчүн Текебаевдин логикасы боюнча Саляновага медаль бериш керекпи?

Текебаевдин бул айткандары, Салянованын камалышы тууралуу биз "Ата-Журт" саясий партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиевге байланышып, пикирин угуп көрдүк.

- Өмүрбек Текебаевдин комментарийин мен да окудум. Мынчалык эки жүздүүлүктү мен такыр көргөн эмесмин,- дейт Камчыбек Кыдыршаевич. – Ошончолук мыйзамды сыйлаган адам экен, анда эмнеге ал учурунда Аида Салянова мыйзамдарды тебелеп-тепсөө менен Жогорку Кеңештин депутаттарын камап жатканда унчуккан эмес! 2012-жылы мени, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду камап жатканда өзү дагы депутат болуп турган. Ошол кезде мыйзам одоно бузулганын билген. Себеби, "Жогорку Кеңешин депутатынын статусу" жөнүндө мыйзамдын 28-беренесинде: "ЖК депутатына карата кылмыш ишин Башкы прокурор гана козгой алат"- деп бадырайта жазылып турат. Ошого карабастан, биздин үстүбүздөн кылмыш ишин ошол кезде Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев ачкан. Кийин биз сураганда Салянова "мен командировкага жүргөндүктөн, аны башпрокурордун милдетин аткаруучу кылып дайындап кеткем"- деп жооп берген. Бирок, мыйзам боюнча анын өз ордуна милдетин аткаруучу дайындоого укугу жок. Башкы прокурордун милдетин аткаруучуну дайындоо президенттин ыйгарым укуктарына кирет. Ошондой болгон күндө да, так белгилеп кетүүчү нерсе – башкы прокурордун милдетин аткаруучунун дагы Жогорку Кеңештин депутатына иш козгоого укугу жок. Мыйзамда бул так көрсөтүлүп турат. Андыктан, Аида Салянова учурунда өзү мыйзамсыздыкты жайылтып жүргөн деп айтсак калп болбойт. Бизден кийин да канчалаган "Ата-Журттун" депутаттарын ушинтип мыйзамсыз каматып, куугунтукка алды.

Камчыбек Кыдыршаевичтин айтымында, Текебаев Салянованын мыйзамсыз иштерин колдогон: "Кийин маек берип, ачык эле "ата-журтчуларды" талкалап жок кылуу багытында план түзүшкөнүн айтып берди. Алмазбек Атамбаевге кеңешин берип, жардам берген. Аида Салянова аткаруучу болуп жүрдү. Эми бүгүн Аида Салянова ошол мыйзамсыз иштери үчүн жазага тартылышы керек. Мурда башпрокурор болуп турган кишини жөн эле камап коё албайт. Демек, аны камакка алуу үчүн жетиштүү далилдер топтолгон. Менин оюмча, кечээ чоң мыйзамсыздыктарга жол берген эски режимдин калдыктарынын ишине бүгүнкү бийлик эң туура баа берип жатат. Ал эми Текебаев, дагы бир жолу айтам, жөө жомоктору менен элди алдай албайт. Анын бир гана максаты бар – үзөңгүлөшү Салянованы сактап калуу. Бирок, буга эл ишенбейт. Ал татыктуу жазасын алууга тийиш".

"Азиз Батукаевди чыгарууга булар кантип батынышты? Анын жандырмагы жөпжөнөкөй. Ошол кезде негизги оппозициялык күч биз болгонбуз. Баарын ачык айтып, бийликтин үшүн алып турганбыз. Ошондуктан 2012-жылы октябрда бизди мыйзамсыз жол менен камап, оппозициялык талааны тазалашты да, 2013-жылы Батукаевди акчасын алышып, кызыл килем менен узатышты. Эгерде биз парламентте ошол учурда турганыбызда, буга жол бермек эмеспиз. Салянова да, Атамбаев да мунун баарын жакшы билген. Булардын кылган иши шермендечилик. Кыргыздардын кулагын кесип мазактаган адамды сый-урмат менен узатканы үчүн эч бир кечирим болушу керек эмес",- деп жыйынтыктады өз сөзүн К. Ташиев

Булак: "Майдан" гезити


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД