Сугат үчүн сууну уруксатсыз пайдалангандарга 4 миң сом штраф салынат

"Бишкекводоканал" мекемеси түнкү убакта саат 00.00дөн баштап таңкы саат 05.00гө чейин таза суу менен жашыл бакчаларды сугарууга уруксат берүү тартибин жөнөкөйлөтүп иштеп чыкты. Эми жеке сектордун жашоочулары водоканалга барып отурбастан, убактысын коротуп кезекке турбастан эле почта терминалы, электрондук капчык аркылуу, тактап айтканда ыңгайлуу шартына жараша төлөм жүргүзүп, "Бишкекводоканал" мекемесинен автоматтык түрдө уруксат алуу менен, түнкү убакта сугарса болот.

Төлөмдүн өлчөмү сугат аянтынын орточо статистикалык эсебине барабар – 1,5 тилке же 150 кв.м – 1 айга – 148,17 сом, ал эми сугат мезгилинде: май – сентябрь айларында – 740,83 сомду түзөт.

Эгер сугаруу аянты 1,5 тилкеге жетпесе, жер ээси водоканалдын абоненттик бөлүмүнө кайрылып (телефон аркылуу же электрондук почта же өзү), жеринин аянтын жана төлөмдүн өлчөмүн текшерип алса болот.

Ал эми таза сууну уруксаты жок сугарууга колдонуп жаткан факт билинген учурда, ал жаранга КР Кодекстерине ылайык чара көрүлүп – 1000 сом штраф салынат. Уруксаты жок таза сууну сугат үчүн колдонууда Бишкек канализация жана суу түтүктөрүн колдонуу тартибине ылайык, 1м/с суу агымынын ылдамдыгына жараша эсептегенде, штраф – 3952,80 сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД