"Манас" эпосун дүйнөгө таанытуу иштери жүргүзүлөт

Манас жана Айтматов улуттук академиясы биринчи кезекте "Манас" эпосун бүт дүйнөгө таанытуу ишин жүргүзөт. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына илимий мекеменин жетекчиси Точубек Тургуналиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын бийлигиндегилер бул Кыргызстан үчүн бренд боло турганын эми түшүнүштү.

-Биздин максатыбыз өзүбүздүн көрүнүктүү эпосубузду дүйнөлүк брендге айлантуу. Баарыбыз биригип аны дүйнөлүк деңгээлге көтөрүшүбүз керек. "Манас" эпосу көлөмү жагынан Гомердин эпосторунун баарын кошкондо да 20 эсе көптүк кылат. Мында биз бир гана Саякбай Каралаевдин варианты жөнүндө сөз кылып жатабыз. Ошондуктан Кыргызстандын жаңы бийлиги биздин миң киллограмдык тамактын түрлөрүн даярдаганыбыз менен гана сыймыктанып кала албай тургандыгыбызды түшүндү. Мунун баардыгы бат эле унутулуп кала берет, бирок, чыныгы дүйнөлүк бренд болуп руханий мурас гана кала алат, - деди академиянын жетекчиси.

-"Манас" эпосу дүйнөнүн баардык тилдерине которулушу керек. Эпостун негизинде фильмдер, анын ичинде анимациялык фильмдер да тартылат. Тактап айтканда биздин эпосубузду дүйнөгө таанытуу үчүн баардык ресурстарды колдонууга тийишпиз, - деп толуктады Топчубек Тургуналиевич.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД