Саясат таануучу: Маселе Атамбаевди каматып салууда эмес

Жогорку Кеңештин депутаттары көтөргөн маселе экс-президент Алмазбек Атамбаевге каматып салууда эмес, аны унчукпай тынч отурууга мажбурлоо болуп саналат. Мындай пикирин VB.KG редакциясына саясат таануучу Марс Сариев мамлекетибиздин мурдагы жетекчисинин кол тийбестигин алып салуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жөнүндө түшүндүрмө берип жатып билдирди.

Эксперт ошондой эле парламент депутаттары тарабынан процедура бузулгандыгын белгиледи. Алгач Башкы прокуратура Атамбаевдин президент кезиндеги жоопкерчилигин карап, кылмыш ишин козгошу керек болчу, андан кийин гана аны жазага тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынмак.

Ал эми кылмыш ишин козгоонун себептерине келсек, алар жетиштүү деп эсептейт Марс Сариев. Ошол эле "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши буга мисал боло алат.

-Атамбаевди камакка алуу оңой иш эмес, бул жерде геосаясат фактору да бар. Эсиңердеби, Арменияда экс-президент Роберт Кочарян камакка алынганда Россиянын мамилеси кандай болгонун, биздеги абал кайсы-бир жагынан окшошуп кетет. Атамбаев муну жакшы түшүнүп турат, мына ошондуктан тайманбай сүйлөп жатат. Ал өзүн так ушундай алып жүргөнү үчүн депутаттарга жакпай жатат. Иса Өмүркулов да кече күнкү отурумда "Атамбаев тынч отурса жакшы болот эле" деген сөзү да ошого байланыштуу айтылган. Экс-президент саясаттан кетип, өзүн тынч алып жүрүшү керек, башкы маселе мына ушунда. Дептуттар комиссия түзүп аны эсине келтирели, чектен чыгарбайлы деп коркутуп жатышат, - деген оюн айтты Марс Осмонкулович.

Ошондой болгону менен парламент экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну аягын чейин чыгарат, бирок, аягында баардыгы макулдашууга келүү менен бүтөт, деген ишеничте саясат таануучу.

-Депутаттар Атамбаевдин маневр жасоочу саясий талаасын кысымга алышууда. Алар анын жолун бууп: же камакка отур, же өлкөдөн качып кет, же унчукпай тынч отур дегендей ишара кылышууда. Аягы барып анын акыркы шартка көнүп беришине такалат болуш керек. Мындай шартка макулдугун бергендиги үчүн ага кылмыш ишин козгобой, компромат чогултулган папканы сейфке катып салышат. Бирок, анын айланасында жүргөндөргө кыйын болот, - деп сөзүн жыйынтыктады Сариев.

Эске салсак, кече жакында Жогорку Кеңештин эртең мененки отурумунда депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июндагы митингде сүйлөгөн сөздөрүнө карата сын-пикирлерин айтышты. Ал эми түшкү эс алуу убагына жакын мамлекеттин мурдагы башчысынын кол тийбестигин алуу боюнча депутаттардын комиссиясы түзүүгө да үлгүрүштү. Буга жакында кабыл алынган мыйзам да жол берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД