ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары тар курамдагы жыйынга чогулушту

Бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына ШКУ кеңешинин кезектеги жыйынына катышууга келишти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлунда тосуп алды. Биргеликте сүрөткө түшүү аземинен соң делегация башчылары ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына багыт алышты.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД