Жээнбеков экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органын түзүүнү сунушу

ШКУнун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органын түзүүнү бүгүн, 14-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин башчыларынын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатканын жыйынында сунуш кылды.

-Экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ. Бул баңгизат сатуу, контрабанда, кылмыш жолу аркылуу келген кирешелердин изин жашыруу менен тыгыз байланышта. Алар мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирет. Кыргыз тарап ШКУнун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органын түзүүнү сунуштайт, - деди С.Жээнбеков.

Эске салсак, бъгън Бишкекте ШКУ саммити өтүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД