Бекназаров: Атамбаев азыркы депутаттарды "чимкирик" деп туура айткан

Атамбаев азыркы депутаттарды "чимкирик" деп туура айткан, анткени, убагында аны өздөрү бийликке алып келишкен. Бул жөнүндө экс-башпрокурор Азимбек Бекназаров пресс-конференцияда билдирди.

Саясат таануучунун айтымында, эми бул депутаттар Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түүзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү болуп алышты.

-Атамбаевдин мыйзамсыз иштери 2012-жылы эле башталган, мен ал жөнүндө ошондо эле айткам, эми болсо баардыгы муну бүгүн гана түшүнгөндөй түр көрсөтүшүүдө. Атамбаевди бибийликке алып келген ушул эле депутаттар, эми анын кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү болуп алышты, - деди ал.

Эске салсак, бүгүн экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттардын комиссиясынын кеңешмеси болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД