Турциядагы олимпиадага баруучу мектеп окуучуларын турагентство алдап кетти

Борборубуздагы турагентствонун өкүлдөрү мектеп окуучуларынын Анталияга баруусун камсыз кыла алышпай, ошол эле учурда өздөрү ири суммада пайда көрүшкөн. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына жабыр тарткандардын өздөрү билдиришти.

Редакцияга төрт баланын энеси Надира кайрылып, баласын Анталияга менталдык арифметика боюнча олимпиадага узатышы керек эле, анын ордуна түн бою Октябрь райондук ИИБнын имаратында өткөргөндүгүн айтып берди.

-Апрель айында эле менин төртүнчү балам окуган Жалал-Абад шаарындагы мектептен, Анталияда 21-июнда менталдык математика боюнча олимпиада өткөрүлөт, ошондуктан Paradise tours турагентствосуна кайрылуу кеңешин беришкен. Баламды башкалары менен чогуу жөнөтүү үчүн мен Новосибирск шаарына учуп келип түшүнүк кат жана билеттерди даярдоого кириштим. 19-апрелде турагентствонун өкүлү Д.Шнын талабы менен 6-7 күндүк тур үчүн 800 доллар төлөп, андан кийинки күнү дагы 900 доллар бердим. Билет учуу күнү алдында берилет деп мага квитанцияны беришти. Кече күнү уулум менин эжем менен бирге учуп кетишмек. Бирок, Д.Ш. колума билет бергенден телефон аркылуу баш тартты. Мен дүрбөлөңгө түшө баштадым, анын кеңсесине да барсамбы деген ойдо болдум. Бирок акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө Д.Ш. мага балдар эч жакка учпай калды, анткени, өзү милицияда отурганын жана ал жактан чыгуу үчүн ири суммадагы акча керек экендигин айтты, - деди Надира.

Белгилүү болгондой, анын айтымында, учуп кете албай калган же тескерсинче учуп кетип, кайра келе албай калган балдардын айрым ата-энелери арызданып, укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Жабыр тарткандар, алардын саны 50 адам, бир жарым миңден 15 миң долларга чейин чыгым болгон, түнү бою Октябрь районунун ИИБ имаратында өткөрүп, Түшүнүк катын жазып беришкен. Д.Ш. кармалды дешкени менен, ата-энелерге эч кандай маалымат берише элек.

Учурда алдамчылардын курмандыгы болгондор мугалимдер менен бирге милициянын имаратынын жанында чогулуп жана жардам берүүнү суранышууда.

-Натыйжада же акчадан жок, же билеттен жок калдык, балдар ыйлап жатышат. Эми эмне кылабыз? Балдар олимпиадага барып, жеңүүчү болууну каалашты эле, эми баардыгы болбой калды деп кантип түшүндүрөбүз?, - деп ата-энелер арызданышууда.

Бишкек шаарынын ИИББ VB.KG редакциясына билдиргендей, бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, толук маалымат кийинчерээк берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД