Москвада массалык мушташ болуп, бир жаран каза болду

Бүгүн, 19-июнда эртең менен Москва шаарында массалык мушташуу болуп, анын кесепетинен төрт жаран жаракат алып, бирөө каза болгон. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Массалык мушташ шейшемби күнү, эртең менен "Электрозавод" метросунун жанында чыккан. Алынган маалымат боюнча, бул мушташ Борбордук Азиядан келип, ичимдик ичкен жарандардын арасында чыккан. Мушташкандардын бири бычак колдонгондугунун кесепетинен, төрт жаран жаракат алып, бирөө каза болгон, - деп билдирет ТАСС агентствосу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД