Финансы полициясы Матраимовдун чет өлкөдөгү мүлкүн тапкан жок

Финансы полициясы Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде мүлкүн жана башка активдерин тапкан жок. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ЭКККМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, теушерүү иштери бүтө элек, бул убакытка чейинки жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары бар.

Финансылык полиция кызматынын жетекчиси Бакир Таиров "Азаттык" радиосуна берген маегинда, текшерүү иштеринин жыйынтыгы ушул жуманын аягында жарыяланаарын айтты.

Белиглей кетсек, Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү 2019-жылы февраль айында башталган. Бул текшерүүгө "Азаттык" радиосунун журналисти Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине Матраимовдордун үй бүлөсүнүн тиешеси болушу мүмкүн деп айтканы коомдун кызыгуусун жараткан. Мына ошондон кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки жолу Финансы полициясынын жетекчисине текшерүү иштерин ылдамдатуу тапшырмасын берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД