Атамбаев: Убагы келгенде Батукаев өзү чындыкты айтып берет

Экс-президент Алмазбек Атамбаев айланасындагы саясий каршылаштарынын, ошонун ичинен депутаттардын дарегине карата билдирүү жасады. Билдирүүнүн өзүн КСДП басма сөз кызматы таратты.

"Жогорку Кеңеште эмне болуп, Сооронбай Жээнбеков саясий каршылаштын үнүн басыш үчүн кандай аракетин жасап жатканын байкадыңарбы. Бул максатка жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын бүт ресурсу иштеп жатат. Буга мурдакы ыплас коррупциялык иштери менен белгилүү болгон эң эле ыплас саясатчылар тартылган, кадыресе адептин чегинен чыккан маалыматтык технологиялар пайдаланылууда.

Мен мурда бул оюнга катышпай турганымды билдиргенмин. Жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга акым жок. Кылмыш иштери ушактарга жана ойдон чыгарылган ыплас нерселерге негизделиши мүмкүн экенин эч качан ойлогон эмес элем. Башкы прокурордун жагалданып, мындай жөөлүгөн калжыракты бир күндүн ичинде мыйзамдаштырып берери оюма да келбептир. Бул биринчиден. Экинчиден, мени парламентке эч ким чакырган эмес. Анткени чындыктан коркушат. Өзүлөрүнүн бардык арам иштерин бул суу жүрөктөр бетпактык менен тымызын жасап көнүшкөн. Бажыдагы чектен чыккан коррупциянын бетин ачкан Кубан Кулматов менен Сапар Исаковду да ушундай эле коркоктук жана кара санатайлык менен камап салышкан.

Ал эми мени айыптоого карата берилген көрсөтмөлөр, мунун баары жалган жана ойго келбеген нерселер. Прокуратура бизнес өнөгү катары көрсөтүүгө аракеттенип жаткан ошол эле Субихи Пархатини алсак, ал "АКА инвесттин" башчысы Хабибулла Абдыкадырдын сунушу менен менин мурдакы компанияларымдын бирин сатып алган адам. 2017-жылдын жайында Сооронбай Жээнбеков мага Хабибулланы Кытайдан келген таанымал ишкер деп тааныштырган. Ошондуктан

"АКА инвесттин" ээлери жөнүндө, бул компаниянын Кыргызстандын аймагындагы ишкер-долбоорлорго катышуусу, алган лицензиялары жана алардын Матраимовдор менен болгон байланыштары жөнүндө Сооронбай Жээнбековдон сураш керек.

Артыкбаев менен Атахановдун мага каршы берген көрсөтмөлөрү да кысым астында алынганы ачык-айкын көрүнүп турат. Бул тергөө менен келишимге келүү эмес, өз ыйманына камчы чапкандык. Ыйман деле буларда калбаган окшойт.

Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты, анын катуу ооруп, өлүм алдында жаткандагысы жана бошотулушу, ал үчүн ким канча акча алгандыгы бюнча афераны ким уюштурганын Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ишенем.

Мен ошондой эле бул маселе боюнча Россия президенти Владимир Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат.

Мен эмнени жасасам, баардыгын Кыргызстандын эли үчүн жасагам. Баардык күчүмдү Кыргызстандын өнүгүүсү, биздин жаш мамлекетибиздин эгемендигин күчөтүү, элдин жыргалчылыгын арттыруу үчүн жумшагам.

Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты. Эми бул көтөрүлгөн күчтүн толкуну Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк - кландык режимин да шыпырып кетери анык. Экономикада жана социалдык чөйрөдө эч кандай оң жылыштар болбой, мамлекеттик башкаруу шал абалга кептелип турган азыркы кырдаалда бул толкунду эч ким токтото албайт", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД