Батукаевге диагноз койгон дарыгер үй камагына чыгарылган

Батукаевдин иши боюнча тергөө ишине тартылган врач-онколог Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылган. Бул жөнүндө маалыматты VB.KG редакциясына ЖАМК тастыктады. Мекеменин маалыматы боюнча, бул ишти Бишкек шаардык соту караган.

Ошол эле учурда лаборант Ирина Цопова камакта калтырылган.

Эске салсак, 21-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевдин иши боюнча шектелгендердин баардыгынын баш коргоо чарасы тандалып убактылуу кармоочу жайга камалган. Эмил Макимбетовду камакта калтыруу чарасы да узартылган. Эмил Макимбетов – врач онколог, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевге айыкпас дарты бар деген аныктама берген. Дарыгердин корутундусунун негизинде сот Батукаевди бошотуп жиберген. Ошол кезде Ирина Цопова лабораторияда иштеген жана Батукаевден алынган деген биологиялык материалдарды текшерген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД