Саясий туткундар Жолдубаева менен Сегизбаевдин камалышын талап кылышууда

Саясий туткундарды коргоо комитети Башкы прокуратуранын 2019-жылы 25-июндагы чыгарган корутундусунун бири менен макул эместигин билдирди. Атап айтсак, депутаттар тарабынан экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата тагылган алты айыптын биринин негизсиз деп аталышына, тактап айтканда сөз депутутарга карата соттордун, коомдук ишмерлердин жана ММК саясий куугунтук уюштуруусу жөнүндө болуп жатат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына комитеттен билдиришти.

Алардын айтымында, башкы көзөмөл жүргүзүү органы баардык көрсөтүлгөн иштер боюнча мурдагы мамлекет башчысынын тиешеси бардыгы тастыкталышы керек, андан тышкары, алар боюнча тиешелүү сот чечимдери чыгарылган деген пикирин билдирген.

-Сарыгулов, Калматов, Талгарбеков, Асанов жана Гусев тарабынан депутаттык комиссиянын отурумунда келтирилген далилдер, УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев менен КР экс-башпрокурору Индира Жолдубаева камакка алынган учурда гана сөзсүз тастыкталат. Саясий куугунтуктоого Атамбаевдин тиешеси бар экендиги да сөзсүз тастыкталмакчы.

Ошондуктан саясий туткундарды коргоо комитети Атамбаевдин жалган айыптоолору боюнча түмөгө отургузулуп жана саясий айып менен камалган 25 саясатчыга карата акыйкаттыктын жана мыйзамдуулуктун орнотулушун талап кылып келген, талап кылат жана талап кыла бермекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД