Депутаттар Атамбаевдин кол тийбестигин алууда регламентти одоно бузушту

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууда Жогорку Кеңештин регламенти одоно бузулду. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына КСДП саясий кеңешинин мүчөсү, юрист Нурбек Касымбеков билдирди.

-Эгер "Жогорку кеңештин регламенти" боюнча мыйзамды ала турган болсок, депутаттар бүгүн бул маселени добушка коюша алмак эмес. Алар кол тийбестикти алуу боюнча маселенин датасын гана көрсөтүшмөк, - дейт Нурбек Касымбеков.

Юристтин пикири боюнча, депутаттардын дагы бир одоно катасы – жашыруун добуш берүүнүн ордуна ачык добуш беришти.

-Жогорку Кеңештин регламентинде, токтом жабык добуш менен кабыл алынат деп көрсөтүлгөн. Алар болсо регламентти бузуп, ачык добуш беришти, - деп түшүндүрдү Нурбек Касымбеков.

Юрист Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамдын "Президенттин кызматтан четтетилиши жөнүндөгү" 136-беренесине шилтеме кылды. Экс-президентти макамынан ажыратуу процедурасы регламентте көрсөтүлгөн эмес.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин 103 депутаты Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратууга макулдугун билдирген добуш беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД