УКМК: Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт кызматы алынган жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт кызматы алынгандыгы жөнүндөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда УКМКнын керектүү сандагы кызматкерлери мурунку өлкө башчысын кайтарууда. Ошондой эле зарыл учурда УКМК Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча күзөтчүлөрдү жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Эске салсак, кече күнү Жогорку Кеңеш депутаттардын көчүлүк добушу менен Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамын ажыратуу боюнча токтомун кабыл алган. Ага ылайык Атамбаев кол тийбестиктен жана башка айрыкча укуктардан, анын ичинен мамлекеттик күзөттөн ажыратылууга тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД