Атамбаевдин тарапташтары кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылышабы?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоону өткөрүүнү талап кылышат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, мындай талаптар шейшемби күнү Бишкекетеги "Медиа Форумда" өткөрүлө турган митингде айтылмакчы.

-Бул митинг биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев элдин артына жашынып, коргонууга өтүп, ачыкка чыккандан коркуп жатат деген ушактарды жокко чыгаруу үчүн керек. Бул андай эмес. Экинчиден, биз бир канча талаптарды айтабыз, алардын башкысы депутаттарды жана президентти кезексиз шайлоо талаптары болуп эсептелет, - деди Турдукулов.

Талаптар бийликке эмес, биринчи кезекте элдин дарегине айтылат, дейт социал-демократ. Эске салсак, мурда Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти тааныбай тургандыгын билдирген.

Азыркы бийлик менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин каршылашуусу мындан бир жыл мурда башталган. Мурдгы мамлекет башчысынын пикирлештери адегенде өлкөнү башкаруудан четтетилип, андан кийин паракорчулукка катыштыгы бар катары Бишкек ЖЭБин жаңылатуу, Траых музейин реконструкциялоо, мектеп куруу ж.б.у.с. боюнча кылмыш иштери козголгон. Азыр Атамбаевдин өзүнө да кылмыш ишин ачып куугунтуктоо коркунучу бар, өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары анын кол тийбестигин алып, ал эми тергөө органдары мурдагы президенттин коррупциялык иштерге тиешеси бардыгын тергөө мүмкүнчүлүгүн алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД