"Кыргызфильм" өз ара кызматташуу боюнча маанилүү келишимге кол койду

Бул күндөрү Нур-Султан шаарында өтүп жаткан XV "Евразия" Эл аралык кинофестивалында Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясынын өкүлдөрү тарабынан "ТатарКино", "Сахафильм", "Беларусьфильм", "Узбекфильм" жана "Грузияфильм" Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борбору (Казакстан) менен өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Мындай иш чара 2019-жылы 3-январда Казак Республикасынын президенти кол койгон "Кинематография жөнүндө" мыйзамы жана " Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борбору" менен тааныштыруу алкагында болуп өттү.

Келишимге ылайык, келечекте баардык тараптар киноөндүрүшүндө технологиялык процесстерди уюштурууда, кинопродукциясын өнүктүрүүдө, кино тартууну уюштурууда, кинофестивалдарга, форумдарга, кинорынокторго катышууда, адистер менен алмашууда, эки тараптуу долбоорлор менен иштешүүдө бири-бирине колдоо көрсөтүү каралган. Мамлекеттик борбор аркылуу фестивалдарга катышуучу улуттук фильмдерге, кинодолбоорлорго мамлекет тарабынан акча каражаты боюнча жардам көрсөтүлөт. Мамлекеттик борбордо иштеген команданын мүчөлөрүнүн милдети, экономиканын жаңы тармагы катары эсептелген киноиндустрияны өнүктүрүү болуп эсептелет.

ЭКФда ошондой эле Мамлекеттик борбордун жакында аткарылуучу пландары каралды. XV "Евразия" Эл аралык кинофестивалынын жыйынтыгы боюнча Голливуддун алдыңкы киностудиялары менен келишимге кол коюу мүмкүнчүлүктөрү болушу мүмкүн. Бул Казакстанга кошумча инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш жана баардык кызыккан тараптардын катышуусу менен ири эл аралык кинодолбоорлордун башталышын билдирмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД