Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Анын көрсөтмөсү Коомдук телерадио компаниясынын "Ала-Тоо 24" каналында "Көлөкө" аталышындагы журналисттик иликтөөдө айтылды. Иликтөөдө Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын ири коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп айтылат.

Анын айтымында, Раиса Атамбаева жеке өзү БЛС курулуш компаниясынын иши сотто каралып жатканда, бул ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.

-Мындай жолугушууларда башкалары да катышкан, алардын биринде анын уулу Раис да болгон. Ошондой эле Раиса Атамбаева мага СМС дагы жазган, муну текшерип көрсө болот, - деди ал.

-Атамбаевдин жубайы судья Эльвира Жаркеева боюнча да өтүнгөн. Ал УКМКнын кызматкери Алмаз Мааткасымов аркылуу судья Жаркеевага тийишпегиле деген көрсөтмө берген, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Манас Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматында 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин иштеп келген.

2019-жылы 2-июнда Манас Арабаев коррупциялык ишке катыштыгы бар деп айыпталып камакка алынып, УКМК убактылуу кармочу жайына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД