Екатеринбургда кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысын атып кетишти

Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы - ишкер Камчы Каримовду өлтүрүп кетишти. Бул жөнүндө Е1.RU агентствосуна укук коргоо органдарындагы булактарга таянып жарыялады.

Агентствонун маалыматы боюнча, окуя 2-июлда саат 15.00. чамасында Екатеринбург шаарынын Калинин көчөсүндөгү № 22-үйдүн жанында болгон. Ал жерде Каримовго эки адам кол салып сабашкан, андан кийин эки жолу ок атылган. Окуя болгон жерге келген "Тез жардам" келип, жаракат алган жарандын өмүрүн сактап калууга аракет кылган, бирок, ал ошол жерде жан берген. Ошондой эле окуянын күбөлөрү анын жанындагы баштыкта миң жана беш миңдик акчалар чачылып жатканын көрүшкөнүнүн айтышкан.

Каза болгон жарандын жардамчысы Урмат Курманбаев Е1.RU агентствосуна кара түстөгү "Volkswagen Touareg" автоунаасы кол салгандарга тиешелүү жана алар ок аткандан кийин автоунааны таштап качып кетишкенин, ал эми машинаны атайы токтотуучу жайга алып кетишкенин айтып берген.

Камчыбек Каримов көп жылдардан бери Екатеринбургда жашап келген, жеке ишкерлик менен алектенип, "Таганский ряд" базарында соода кылчу. Ал кыргыз диаспорасынын иштерине активдүү катышып турган.

"Новая газета" басылмасынын маалыматы боюнча, бул базарда криминалдык чатактарга байланышкан окуялар көп кездешет. Каримов Кыргызстанда жасалып чыгарылган деп жазылган, кытайлык товарларды Россияга ташып соода жасаган. Бул схема Россияда кыргыз товарларына болгон төлөм, кытайлыктардыкына караганда арзандыгы менен пайдалуу болгон. Товар Кытайда жасалып, Кыргызстанга алып келинет, анан ал жактан арзан төлөм менен Россияга жеткирилип турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД