Ирина Карамушкина: Биз бул бийликке тынчтык бербейбиз

Бишкекте экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги башталды. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина катышуучулардын алдында сөз сүйлөп жатып, бүгүнкү күндөн тартып каршылык көрсөтүү акциялары башталаарын билдирди.

-Биз бул бийликке тынчтык бербейбиз! Биз өлкөнү укуктук талаага алып келишибиз керек, - деди Карамушкина.

Ал билдиргендей, мурдагы президенттин көптөгөн тарапташтары коркутууларга туш болушкандыктан митингге келе алышкан эмес.

Митингге Алмазбек Атамбаев да катышууда. Өтүп жаткан митингде 600-700 адам катышып жатат, ал анын уюштуруучулары 1500 адам катышууда деп эсептешүүдө. Митингдин катышуучулары президенттин отставкасын жана парламенттин таркатылышын талап кылышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД