Премьер-министр Нигериянын жаранын урган адамдарды табуу тапшырмасын берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын ортосунда Нигериянын жаранын ургандарды тез аранын ичинде табуу тапшырмасын берди. Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, бул окуяга күнөөлүүлөрдү тезинен таап кармап жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам иш чаралардын жүргүзүлүүсү зарыл.

Ошону менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев активдүү туристтик сезондун башталышын эске алуу менен, коомдук жайларда коопсуздукту жана тартипти сактоо боюнча ИИМ баардык бөлүктөрүнүн, анын ичинен туристтик милициянын ишин күчөтүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигине жабыр тарткан Ниегриянын жаранына медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо маселесин өз көзөмөлүнө алуу тапшырмасы берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД