Сүрөтчүлөр кеңеши Чокморовдун жаңы эстелигинин долбоорун бекитти

Бүгүн Бишкекте көркөм кеңеш атактуу артист жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелигинин долбоорун бекитти. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Сүймөнкул Чокморов" коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, атактуу артистин эстелигин жасоо боюнча конкурстун 4 этабы мурда өткөрүлгөн жана анын баарын скульптор Азамат Абдрахманов утуп алган.

-Бүгүн көркөм кеңештин кеңешмеси өткөрүлүп, Чокморовдун эстелигинин акыркы модели бекитилди. Ошентип, сүрөтчүлөр кеңеши узундугу 3,2 метр эстеликти жасоо боюнча макулдугун берди, - деп түшүндүрдү коомдук фонддун жетекчиси.

Жаңы эстеликтин ачылышы атактуу артистин туулган күнүнө карата пландаштырылууда.

-9-ноябрда Сүймөнкул Чокморов 80 жашка чыкмак. Бул датага карата биз жаңы эстеликти ачууну пландаштыруудабыз. Ал эми коомчулуктун сынына кабылган эски эстеликти алып салып, анын ордуна жаңы скульптураны орнотобуз. Мэрия аны ушул күнгө чейин өз балансына өткөрүп ала элек. Шаар кызматы бул эстеликти коомчулук кабыл албагандан кийин, өз балансына алган эмес, ошондуктан бул маселени чечүүнү бизге калтырган, - деди Абдрахманов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД