ЖАМК: жарым жылда камактагы 12 адам экстремисттик түшүнүктөн баш тартты

16-июлда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында 2019-жылдын биринчи жарымындагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлүп, анда ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаев, анын орун басарлары, Борбордук аппараттын жетекчилиги, уюмдардын жана бөлүмдөрдүн башчылары катышты. Бул жөнүндө ЖАМК басма сөз кызматы билдирди.

Коллегиянын маалыматы боюнча, ЖАМК борбордук аппаратынын структурасын оптимизациялоо максатында бир катар штаттык-уюштуруу иш чаралары жүргүзүлдү.

-ЖАМК ведомстволук бөлүмдөрүн күчтөндүрүү үчүн ЖАМК борбордук аппаратынын штатынын саны 16% кыскартылды;

-Мониторинг жана анализ бирдиктүү борборунун ишин камсыздоо үчүн байланышты уюштуруу, автоматизациялык жана техникалык-маалыматтык камсыздоо Башкармалыгы түзүлдү.

ЖАМК окуу борборунун иштешин толук камсыздоо максатында Окуу-методикалык бөлүмдүн стркутрасы каралып, Укук жана гуманитардык сабагы кафедрасынын окутуучулар курамы түзүлүп, баардыгы болуп 12 штаттык орун кошумча киргизилди.

Мындан тышкары колония-поселение штаттарына тарбия иши боюнча бөлүм башчысынын орун басары жана нөөмөт бөлүмүнө эки ага инспекторлор кызматы киргизилди.

2019-жылдын биринчи жарым жыл ичинде ИИБ тиешелүү кызматтары менен биргеликте мекеменин аймагына 21 жолу баңгизаттарды алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алардын жалпы салмагы 10 116 гр түздү.

Тарбиялоо жана түшүндүрүү иштеринин алкагында камактагы 12 адам экстремисттик жана террористтик түшүнүктөн баш тартышты.

Ошону менен бирге коллегияда айрым бөлүм башчыларынын иштеги көрсөтмөлөрү начарлаганы белгиленип, ээлеген кызматтарынан ылдыйлатылды.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгынын иш планы бекитилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД