Бишкекте көпкө күттүргөн сууга түшүү сезону башталды

Бишкекте кечигип болсо да, сууга түшүү сезону башталды. Кече жакында борбордун бийлигиндегилер Кара-Жыгачта жайгашкан Комсомол көлүн сууга толтуруп, эс алуучуларга сууга түшүүгө уруксат беришти. Бул жөнүндө "Шаардын парктары" муниципалдык уюмунун директору Калича Умуралиева билдирди.

Июль айынын орто ченине чейин шаардын көлдөрү сууга толтурулбай жатканынын себеби, алардын түбүн тазалап жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди бүтүрүү керек эле.

Бишкекте сууга түшүүгө уруксат берилген эки – Комсомол жана Пионер көлдөрү гана калган. Экөө тең Кара-Жыгач токойчосунда жайгашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД