Кант шаарында Сталинграддагы салгылашууну эскерүү кечеси өткөрүлдү

Кант шаарындагы Чүй облустук китепканасынын Орус борборунда, жергиликтүү окуучулар, студенттер жана "Гүлзар" балдар борборунун тарбиялануучулары, Чүй облусунун китепканачылары жана башка меймандар чогулушту. Адамзаттын тарыхындагы эң бир масштабдуу жана кандуу согушта совет элине жеңиш кандай баада келгени жөнүндө "Кант" россиялык авиабазасынын командиринин аскердик-саясий иштери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу, капитан Александр Якунин аңгеме куруп берди.

Ал белгилеп өткөндөй, Сталинграддагы салгылашуу Улуу Ата мекендик согуштун бурулуш учуру болгон. Советтик аскер бөлүктөрү шаарды душмандарга бербей, чабуулга өтүшүп, фельдмаршал Паульс башында турган душмандардын ири аскер тобун талкалап жана колго түшүргөн. Бул биринчи кезекте Мекенин коргоого чыккан советтик элдин каармандыгынын жана эрдигинин, өлкөнүн көп улуттуу элинин биримдигинин аркасында жетишилген.

Сталинградды бошотууда өмүрүн берген баатырлардын бири – Воронеж фронтундагы 6-армиянын 160-аткычтар дивизиясындагы 363-аткычтар полкунун аткычы, кыргызстандык Чолпонбай Түлөбердиев болгон. Ага жана он чакты Кызыл Армиянын жоокерлерине дарыянын аркы жээгиндеги душмандын ок атуучу точкасын жок кылуу тапшырмасы берилген. Чолпонбай Түлөбердиев болгон ок дарысын колдонуп бүтүп жана жарадар болгонуна карабастан, душмандын ДОТунун амбразурасына денесин таштаган. Ушул учурду колдонуп, Чолпонбайдын жолдоштору душмандын ок чыгарган точкасын жок кылып, анын натыйжасында советтик аскер бөлүктөрү алдыга жылуу мүмкүнчүлүк алышкан. Мына ушул эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиев Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон.

Сталинграддагы салгылашууга көптөгөн кыргызстандыктар катышкан. Булардын катарында эр жүрөк чалгынчы Василий Гостев, согуштан кийин СССРдин эл артисти болгон Асанкан Жумакматов, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов жана башкалар.

Бул жолугушуунун катышуучулары ири салгылашуунун жүрүшү, анын мааниси, советтик аскерлердин эрдиги жөнүндө, Сталинграддагы салгылашууга арналып чыгарылган докуенталдуу фильмден көрүштү.

"Деловая Евразия" аналитикалык порталынын директору Павел Столяренко Батышта Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын кайра жазуу жана Советтер Союзунун фашисттик Германияны талкалоодогу ролун ылдыйлатуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын, келечектеги жаш муундар Мекенибизди фашисттик басып алуучулардан ким бошоткондугун билиши үчүн, ушуга окшогон жолугушууларды көп өткөрүп туруу керектигин белгилеп өттү. Андан кийин Новопокровка айылынын китепканачысы Галина Сергиенко "Кант" авиабазасынын аскерлерине патриоттук иш чараларды биргелешип өткөрүп туруу сунушун билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД