Эксперт: Токтогулдун суусун талаа-сугат иштерине колдонуп жатышат

Отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Умбеталиев Токтогул суу сактагычынын суусун Казакстандын жана Өзбекстандын талаа-сугат иштерине колдонуп жатышат деп эсептейт.

-Эгер Улуттук энергохолдинг жана ӨЭКМК ачык эле иштелип чыккан электроэнергиянын өлчөмүн билдирип жатканын караганда, коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорт кылып жатышы мүмкүн. Эгер экспорт болбосо, демек, техникалык сууну Өзбекстан менен Казакстандын айыл чарба плантацияларын сугарууга колдонуп жатышат, - деп эсептейт Расул Умбеталиев.

Мындай жыйынтыкты ал Токтогул суу сактагычындагы суунун ар күнү сарпталышын жана электр энергиясынын иштелип чыгышы боюнча статистиканы изилдеп көрүп чыгарууда. Эксперт Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Бишкектеги иш сапарынан кийин электр энергиясынын иштелип чыгуусу жана суунун сарпталышы көбөйгөндүгүн билдирди.

-1-июлдан 12-июлга чейин Токтогул суу сактагычынан суунун срапталышы 360-370 куб/сек тез эле көбөйүп кетти, ал эми электр энергиясынын иштелип чыгуусу 34-36 млн кВт/саатты түздү. 2019-жылы 12-июлда Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин баштаган делегация келген. Ал эми 13-июлдан баштап суунун сарпталышы кайрадан 410-420 куб/с болуп көбөйдү, электр энергиясынын иштелип чыгуусу 37-38 млн кВт/саатты түздү, - деди Расул Умбеталиев.

Ал суунун аз болуусу жөнүндөгү маалымат, башынан эле коңшу республикаларга электр энергиясын экспорт кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн пландаштырылган акция болгон деп шек саноодо. Умбеталиев Улуттук энергохолдингден жана өнөр жай, энергетика жана кен казып иштетүү Комитетинен суу-энергетика саясатын ачык жүргүзүүнү талап кылып келген.

Белгилей кетсек, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетиктердин маалыматына шилтеме жасоо менен, Кыргызстанда суунун аз болуу мезгили башталды деп кабарлаган. Ушуга байланыштуу башка өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоо токтотулган.

Кыргызстанда электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгү ГЭСтер тарабынан иштелип чыгат, ошондуктан республика суу сактагычка куюла турган сууга көз аранды. Суунун агымы бир калыпта болбойт – суунун көп болуу убагы суунун аз топтолушу менен алмашып турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД