Сооронбай Жээнбеков олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту

резидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, узундукка секирүү боюнча олимпиада чемпиону - кыргызстандык Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыкка жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы Кыргызстанга келгени үчүн атактуу спортчуга ыраазычылык билдирди.

Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиадалык оюндардагы Татьяна Колпакованын эң сонун жетишкендиги анын талантынын, эрктүүлүгүнүн жана максатка жете билгендигинин жаркын күбөсү экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Татьяна Колпакованын атындагы эл аралык турнир, анын мыкты спорттук жетишкендиктерине кыргызстандыктардын берген бийик баасы, спортчуга болгон урмат-сыйы экенин да белгилеп өттү.

Ошондой эле мамлекет башчысы Татьяна Колпаковага бекем ден соолук, бакубатчылык каалады жана өлкөдөгү спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү саатын белекке берди.

Өз кезегинде олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова жакшы каалоо-тилектери жана анын спорттук жетишкендиктерине берген жогорку баасы үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирди. Ал өзү төрөлгөн жана кесипкөй спортчу катары калыптануу жылдары өткөн сүйүктүү Кыргызстанды ар дайым жүрөк тереңиндеги жылуу сезимдер менен эскере турганын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Татьяна Колпакова өлкөнүн жаш жеңил атлетчилеринин жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалашып, спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү чаралары тууралуу пикир алмашышты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Индиядан 200гө жакын спортчу катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД