Кыргызстандын аскерлери танкалык биатлонго катышууда

3-августта москвалык Алабино аскердик полигонунда "Жеке жарыш" конкурсунун алкагында башталган танкалык биатлондун биринчи этабы боюнча мелдеш башталды. 4-августтагы бул мелдеште Кыргызстандан барган биринчи экипаждын курамында, танканын командири ага лейтенант Илияз Капчыкбаев, октоочу-оператор Самат Токтобаев жана айдоочу-механик Дилмурод Азизов катышты.

Чучугулак боюнча кыргызстандыктар мелдешти көк түстөгү танка менен баштады. Алардан сырткары бул мелдешке Армениядан, Ирандан жана Россиядан келген экипаждар чыгышты. 15 км аралыктагы мелдештин жүрүшүндө ар кандай тоскоолдуктардан өтүү, мисалы, суу толтурулган аңдардан жана дөбөлөрдү ашып чыгуу жана аянтчада тантан ок атуу каралган. Конкурстун шарттарын аткарып жана баардык тоскоолдуктардан ийгиликтүү өтүү менен Кыргызстандын танкисттери бул жарышта экинчи орунду ээлешти.

Кыргызстандын курама командасы үчүн экинчи жарыш ушул эле атаандаштардын катышуусу менен 5-августта өткөрүлмөкчү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын экипажы мында үчүнчү орунду камсыз кылган.

Кыргызстандыктар кезектеги жарышка 8-август күнү чыгышат. "Жеке жарыштан" кийинки этап "Эстафета" боюнча өткөрүлөт, буга 12 команда катышмакчы.

17-августка чейин өткөрүлүүчү танкалык биатлон, Эл аралык аскерлер оюну катары эсептелет. Бул мелдешке 25 өлкөнүн: Россия, Азербайжан, Ангола, Армения, Белоруссия, Венесуэла, Вьетнам, Зимбабве, Иран, Казакстан, Кытай, Куба, Кувейт, Кыргызстан, Лаос, Мьянма, Монголия, Сирия, Сербия, Судан, Тажикстан, Уганда, Өзбекстан, Шри-Ланка жана Түштүк Африка Республикасынын командалары катышат.

Танкалык экипаждар кадимки эле биатлонго окшогон оюн түрлөрү боюнча мелдешет. Баардык аскерлер жарышта суу толтурулган аңдардан, ар кандай тоскоолдуктардан өтүү, танкадан ок атуу жана аскердик даярдыктардын нормативдерин аткаруу боюнча мелдешке катышат.

Ар бир команданын курамына команданын жетекчиси, танкалык төрт экипаж, анын ичинен бирөө запаста, эки машыктыруучу жана алты адамдан турган техникалык жактан жабдуучулар кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД