Солтон-Сары чыры: Чогулган эл тарай элек

Солтон-Сары кенинин жанына чогулган Нарын районунун эли тарай элек жана алар кенди иштетүүнү толугу менен токтотууну талап кылышууда. Бул тууралуу маалыматты VB.KG редакциясына укук коргоо органдарынан тастыкташты.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү белгилегендей, чатак чыккан аймактагы абал туруктуу, жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү жана чатакты алдын-алуу иштери жүргүзүлүүдө. Окуя жүрүп жаткан жерге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барды.

-5-августта Солтон-Сары кенинин жанына Нарын районунун тургундары чогулуп, кен чыккан жерде кытайлык компаниянын ишмердигин токтотуу талабын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300гө жакын адамды түзгөн. Андан кийин жергиликтүү тургундар менен кытайлык компаниянын жумушчуларынын ортосунда чатак чыгып, алар бири-бирине таш ыргытканга чейин барышкан. Анын кесепетинен жабыр тарткандар аймактагы бириктирилген ооруканага жеткирилген, - деп билдирет ИИМ басма сөз кызматы.

Бул факт Нарын облусунун ИИБнын Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталып, тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө. Жаңжалдын катышуучуларынын эч кимиси кармалган эмес.

Азыркы убакта милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, учурда абал туруктуу.

Окуя жүрүп жпткан жерге ички иштер министри менен бирге вице-премьер министр Кубатбек Боронов да барган.

Эске салсак, жергиликтүү тургундар кенди иштетүү боюнча өздөрүнүн нааразычылыгын мурда дагы билдирип келишкен. Эл аймактагы экологиялык абалга тынчсызданууда. Алар компания өндүрүштөн чыккан калдыктар менен жер кыртышын жана сууну ууландырып, анын кесепетинен балдар ооруп жана мал кырылууда деген ишеничте болушууда. Ал эми бийлик жана бизнесмендер балдардын ооруга чалдыгышы жана малдын кырылуусунун себеби кенди иштетүү менен байланышы жок деп эсептеп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД