Аманбай Кайыпов Нарын облусунун жетекчилик кызматынан бошотулабы?

Өкмөттүн Нарын облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов ээлеген кызматынан бошотулат. Бул тууралуу jebe.media басылмасы өкмөттөгү өз булактарына таянуу менен билдирди.

ММКнын маалыматы боюнча, Кайыповдун болжолдуу отставкасы анын Солтон-Сары кениндеги абалды жөнгө сала албагандыгы менен байланыштырылууда.

VB.KG редакциясы бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүсү үчүн Нарын облусунун жетекчиси Кайыповго кайрылганында, азырынча ал байланышка чыга элек болууда.

Эске салсак, Нарын районунун жергиликтүү тургундары аймакта жайгашкан кенди казып иштетүүгө нааразылыгын билдирип келишкен. Жергиликтүү эл аймактагы экологиялык абалга тынчсызданууда. Алар компания өндүрүштүн калдыктары менен жер кыртышын жана сууну ууландырып жатат деген ишеничте. Мунун кесепетинен балдар ооруга чалдыгып жана мал кырылууда. Ал эми бийликтегилер менен бизнесмендер балдардын ооруп жатканынын жана малдын кырылышынын кенди иштетүүгө эч кандай тиешеси жок деп эсептешет.

ИИМ маалыматы боюнча, 2019-жылы 5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун эли чогулуп, кытайлык компаниянын алтын кенин казуу ишмердигин токтотуу талабын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300гө жакын адамды түзгөн. Кийин жергиликтүү тургундар менен кытайлык компаниянын жумушчуларынын ортосунда чатак чыгып, эки тараптан тең таш ыргытууга чейин барышкан. Анын кесепетинен жабыр тарткандар аймактык ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД