УКМК жетекчиси президенттен отставка берүүсүн суранды

УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев президент Сооронбай Жээнбековдон отставка берүүсүн суранды. Бул жөнүндө ал бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы учурунда билдирди.

-Эртең менен Коопсуздук кеңештин кеңешмесинде мен президентке отставкага кете турганымды айттым. Себеби менин да күнөөм бар, өзүбүздүн 3,5 миң аскерлерибизди колдонгонубуз туура болмок экен. Алар куралы жок эле атайын кызматтын коопсуздугун камсыз кылып бермек, - деди Орозбек Опумбаев.

Депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратурадан атайын операция жүргүзүү үчүн ушундай "ойлонулбаган" жана "кечиккен" буйруктун берилиши боюнча иликтөө жүргүзүүсүн талап кылды.

Орозбек Опумбаев түшүндүргөндөй, атайын операция "Альфанын" аскерлери тарабынан ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен жүргүзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД