Күч органдары Атамбаевдин резиденциясына экинчи чабуулду баштады

Бүгүн, 8-августта күч органдары Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин резиденциясына экинчи чабуул жасоо аракетин башташты. Күч органдарынын кызматкерлери чуу көтөрүүчү гранаталарды колдонушууда. Мурдагы президенттин үйүнүн айланасында бир нече жүздөгөн адамдар жүрүшөт. Медиа Форумдун имаратында митинг өткөрүүгө чогулгандар кайра кайтып келишүүдө. Бирок, Кой-Таш айылына баруучу автожол Көк-Жар айылынын тушунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан тосулган.

Мурда бул жерге күч органдарынын кызматкерлери бир нече автобустар менен келишкен. Азырынча жабыр тарткандар боюнча кабар түшө элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД