Милиция кызматкерлери түнү бою Атамбаевдин тарапташтарын кууп таркатып жүрү

Милиция кызматкерлери түнү бою коомдук тартипти бузуп, жолдорду тосуп, бет алдындагыларынын баарын талкалап, Бишкек шаарында коомдук-саясий абалды курчутууга аракет жасаган Атамбаевдин тарапташтарын кууп таркатып жүрүштү. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери топтолгон жарандарды кууп таркатуу үчүн атайын каражаттарды колдонушту.

Учурда борбордогу абалды курчутууга аракет жасагандардын уюштуруучуларын аныктоо жана кармоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Шаардагы абал милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө турат деп билдиришти мекемеден.

Ошону менен бирге коомчулук күч түзүмдөрүнө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодогу иштери үчүн ыраазычылыгын билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД