Башкы прокуратура: А.Атамбаев беш өзгөчө оор кылмышка шектелип жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканы тууралуу кабарланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Бишкектеги маалымат жыйында Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, А.Атамбаев 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяларга байланышкан төмөнкү кылмыш иштери боюнча шектелип жатат:

Булар, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу, массалык баш аламандык уюштуруу, адам өлтүрүүнү уюштуруу, адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу, барымтага алууну уюштуруу. Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканы тууралуу кабарланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД