Атамбаевдин жан сакчылары суракка чакырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары укук коргоо органдарына суракка чакырылды. Бул тууралуу өз баракчасына адвокат Нурбек Токтакунов жазган.

Анын айтымында, алар суракка баруу же барбаш керектиги боюнча ага кеңеш сурап кайрылышкан.

-Мага экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун Кой-Таш айылындагы биринчи дана экинчи чабуул учурунда сактаган жигиттер кайрылышты. Алардын айтымында тергөө органдары сурак берүү үчүн чакырышкан. Алар ал жакка баруу же барбаш керектиги боюнча кеңеш сурап кайрылышууда. Мен бул маселе боюнча ушундай абалга туш келгендер үчүн өз оюмду жазам.

Мыйзамды сыйлаган жарандар тергөө органдарынын чакыруусу боюнча ал жакка барууга милдеттүү. Бирок, мен тажрыйбалуу адвокат катары эскертип кетем, бул иштин тергелүүсү жана сот адилеттүү, мыйзамдуу жана калыс жүрбөйт. Сот жана укук коргоо системасы бүгүнкү күндө мыйзамдын эмес, бийликте тургандардын кызыкчылыгына кызмат кылат. Бирок суракка барбай койгондо, система мажбурлап алдырып келиши мүмкүн. Ошондуктан, мен адвокат катары, суракка баруу же барбаш керектиги боюнча кеңеш бере албайм.

Мыйзамды сыйлаган жаран бул маселе боюнча жагымсыз натыйжаларга моралдык жактан даярданып алып өзү чечим кабыл алышы керек.

УКМКага суракка барганда мыйзамды сыйлаган жаран, керектүү же бийликтеги топторго каршы көрсөтүүнү алуу максатында физикалык жана психологиялык жактан кыйноолорго туш келиши мүмкүн.

Ошондуктан өзүңөр чыдаганга даяр жана укуктук жактан коргоно ала турганыңарды сезсеңер чуракка бара берсеңер болот.

Тергөө кызматтарынын чакыруусунан баш тартуу, издөө жарыялоого, мажбурлап алып келүүгө, камакка алууга жана кыйноого туш келүүгө алып келиши мүмкүн.

Ошондуктан эгер чыдаганга даяр эмес болсоңор, укутук жактан коргоно албасаңар суракка барбагыла, бирок, силер камакка алуу моментин создуктурууга аракет кылышыңар керек.

Коррупциялык система ортомчуларынын кызматына кайрылуу мүмкүнчүлүгү да бар, кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн төлөп берип, тынчтанып калуу. Бирок бул учурда экс-президентти коргоого киришкенде берген убадалардын баасын кетирип аласыз. Бул деген сиз анын жеңишине үмүттөнүп коргогонсуз, кандайдыр-бир артыкчылыктарга жана кийин артыкча укуктарга жетүү үчүн аракеттенип, кийин утулуп калгандагы натыйжаларга даяр болбогондугуңузду билдирет.Андай болгондо саясий териштирүүлөргө кийлигишпеңиз, өзүңүзчө жашап, жонуңуздан тер чыкканча иштеп жана эч качан бийликке нааразычылыгыңызды билдирбеңиз, - деп юрист өз ою менен бөлүштү.

Эске салсак, мурда Башкы прокуратура экс-перзидент Алмазбек Атамбаевди кайтарган УКМКнын эки кызматкеринин аракетине юридикалык баа бериле тургандыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД