Чыгыш-5 кичирайонунун жашоочулары менен үй куруучунун чатагы (видео)

Бир ай мурда эле Чыгыш-5 кичирайонундагы Курманжан Датка көчөсүнүн жашоочуларынын тынчы кете баштаган. Бир күнү капысынан алар жашаган үйдүн терезелеринин алдында темир тосмо пайда болду да калды. Ал эми ошол жактагы жалгыз кичине бош турган жерге үйдүн жашоочулары балдар аянтчасын курууну пландаштырып жатышкан. Ага чейин бул жерде кечкисин сейилдеп басып жүрүшчү.

Кийин белгилүү болгондой, бул жер тилкеси мындан 15 жыл мурда жеке менчикке, тактап айтканда М. Жээнбекова деген бирөөгө сатылып кетиптир. Бул жерде сөз Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова, экс-депутат Равшан Жээнбековдун эжеси жөнүндө жүрүп жатат. Алгач алар үч кабаттуу медициналык борборду курууну пландаштырышкан экен, азыр буга документтер боюнча тогуз кабаттуу элиталык үй куруу кошулуп калыптыр. Качандыр бир кезде Бишкек мэриясы үй курууга берген уруксатындагы жаңы үйдүн курулушу бул жердеги үйлөргө тийчү күн нурун жаап калып жатат. Бул үйдүн курулушу канчалык мыйзамдуу экендиги да чоң суроо туудурууда.

Жашоочулар көп кабаттуу үйдүн курулушуна гана эмес, кыйып салуудан араң сактап калган бак-дарактардын абалы үчүн да тынсызданышууда. Муниципалитет албетте, бак-дарактар кыйылбайт деп ишендирүүдө. Ал эми үй куруучуга мэриянын берген убадасы... Буга кыйылган бактарды ташыганга келген техникага тоскоолдук кылып жаткан жашоочуларды телефонго тартып алган видематериал күбө болмокчу.

Чатак жараткан үйдүн куруучусу "Премиум Девелопмент" ЖЧКсы болуп саналат. Бул долбоордон тышкары, компания Исакеев көчөсүндө "Ала-Тоо" турак комплексин жана 7-Апрель көчөсүндөгү "V" турак комплексин куруу иштерин жүргүзүүдө. Булар үй куруучунун жалгыз долбоору болуп эсептелет. Адатта компаниянын өкүлдөрү жана мекемелер курулуш жүрүп жаткан жерге келишкенде, өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүрүшөт. Жашоочулардын дарегине ар кандай коркутуулар, кээде уруп жибергенге чейин жетет. Абалды талаш чыккан жердеги бизнес жайлары – кичинекей дүкөн жана чач тарач салону дагы күчөтүүдө, үй куруучусу аларды күн сайын бул аймактан кетирүүгө аракет кылууда.

Ушундай ээн баштык кичирайондогу жашоочулардын тынчын алууда. Алар жаңы элиталык көп кабатту үйдүн курулушуна каршылыгын билдирген 300 адамдын колун чогултууга де жетишти. Бул жер тилкесин алардын пикирин укпай туруп берип жиберишкен, демек, курулуш мыйзамсыз жүргүзүлөт. Ошондуктан алар күн нурун тоскон көлөкөдөн арылуу жана балдар аянтчасын куруу боюнча өз укуктарын коргоп калууга даяр болушууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД